Menu

Орусия америкалык 10 дипломатты өлкөдөн чыгарарын билдирди

Бөлүшүү:

Орусия америкалык он дипломатты өлкөдөн чыгарып, АКШнын 15-апрелде жарыяланган жаңы санкцияларына тиешелүү деңгээлде жооп берет. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Чепа билдирди.

«Албетте биз да он дипломатын өлкөдөн чыгарабыз. Ишенип койгула, биздин ички ишибизге кийлигишип жатканы боюнча реалдуу дооматтарыбызды айта турган компаниялары бар. Аларга да тиешелүү чаралар көрүлөт», — деди Чепа.

15-апрелде Жо Байдендин администрациясы 2020-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүү жана таасир этүү аракети үчүн орусиялык 32 юридикалык жана жеке жакка карата санкциялар кеңейтилгенин билдирген. Мындан тышкары Ак үй Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин он кызматкерин өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

Ошол эле маалда АКШнын Каржы министрлигинин Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы америкалык банктарга Орусия банкынан, Финансы министрлигинен жана Бакубатчылык фондунан мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга тыюу салган.

14-апрелде Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливанды сүйлөшүүгө чакырып, «Москва бул санкцияларга кескин жооп берерин» эскерткени кабарланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: