Menu

Тажикстанда абактагы кишинин үстүнө кайнак суу куюп жиберишкен

Бөлүшүү:

Савриннисо Саломова

Тажикстанда уурулук үчүн 10,5 жылга соттолгон жарандын апасы камералаштары уулунун үстүнө кайнак суу куюп жиберишкенин билдирүүдө.

Анын айтымында, Вахдат шаарындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 25 жаштагы уулу Салохиддин Саломов учурда түрмөнүн ооруканасында дарыланууда.

«Окуя бир жума мурда болгон. Чынында кандай болгонун так билбейм, уулум азыр сүйлөй албай жатат. Бирок мага камерадагылардын ортосунда жаңжал чыгып, ага уулум да катышканын айтышты. Эртеси ал уктап жатканда беркилер үстүнө кайнак суу куюп жиберишкен», — деди Савриннисо Саломова.

Ал окуя боюнча түшүндүрмө талап кылып Жазаларды аткаруу башкармалыгына расмий түрдө кайрылганын, бирок жооп жок болуп жатканын кошумчалады.

Азырынча абактагы жаңжалдын себеби жана Саломовдун үстүнө ким кайнак суу куйганы белгисиз.

Ал ортодо «Эркин Европа» радиосунун аты-жөнүн айткысы келбеген булагы Саломов бир нече күндөн бери абактын ооруканасында жатканын ырастап, анын денеси 40% күйүп калганын билдирди.

2019-жылы май айында Вахдат шаарындагы бул абакта тополоң чыгып, 32 адам каза тапкан. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкери болгон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: