Menu

«Медиазона»: Москвада белгисиз кишилер тажик жаранын уурдап, мекенине жеткиришкен

Бөлүшүү:

1-апрелде белгисиз адамдар 30 жаштагы Кием Гуловду Москвадагы батиринен кармап кетип, Тажикстанга жеткиришкен. Мекенинде ал терроризмди каржылаган деп айыпталууда.

«Медиазона» басылмасынын маалыматына караганда, батирдин ээси курулушта иштеп жүргөн Гуловду алып кетүү үчүн келген кишилер өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери деп тааныштырышканын билдирген.

Кием Гулов Москвага 2016-жылы барган. Туугандарынын айтымында, 2017-жылы ал Сауд Арабиясына окууга кетиши керек болгон жердешине баш калка берип, батиринде чогу жашап калган. Көп өтпөй жердеши аэропортко баратканда кармалып, Тажикстанга депортацияланган. Мекенинде ал экстремизмге айыпталып, телефонунан Кием менен түшкөн сүрөтү табылган. Мындан улам тажик бийлиги Гуловду «терроризмге байланышы бар адам катары» каттаган. Ошол эле жылы ал Тажикстандын өтүнүчү менен кармалып, Нальчик шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Сот Гуловду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, дээрлик эки жылдан кийин кое берилген.

Москвадагы укук коргоочу Бахром Хамроевдин айтымында, быйыл февраль-март айларында терроризмге жана экстремизмге айыпталган 200 тажикстандык Орусиядан мекенине жеткирилген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: