Menu

Чүйдө 2,3 млн сомго бааланган көчмө радарды унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Бообек айылында көчмө аппараттык-программалык комплексти унаасы менен сүзүп кеткен шектүү айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 15-апрелде саат 15:30 чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 90-чакырымындагы Бообек айылында “Lexus LX470” унаасынын айдоочусу «Автопатруль-Радар» аппараттык-программалык комплексин сүзүп качып кеткен. Аппараттык-программалык комплексинин баасы 2,3 миллион сом турат.

ЖКККББнын кызматкерлери кылмышка шектүү айдоочуну кармашты. Ал Кемин районунун 37 жаштагы тургуну М.Б. экени аныкталды. Анын унаасы айып короого киргизилип, тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле  тийиштүү экспертизалар дайындалып, факт КЖБРга катталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: