Menu

Фото – УКМК: «Унаа» мамлекеттик ишканасындагы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамен алууда коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

КР УКМК “Унаа” мамлекеттик мекемесинде жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди тапшырууда туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең учунан сүйлөшүп
алышып, айдоочулардын тестирлөөсүнүн автоматташтырылган системага кирүү менен тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан. Натыйжада, айдоочулук мектептерде тиешелүү окуудан өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүк берилип жүргөн.

Мындан улам, Ош шаарындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси «А.А.М.» жана Ош абласты боюнча жетекчиси «А.Б.Ж.» компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык башкаруудан “ийгиликтүү” өткөндүгү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5000 сом өлчөмүндө каражатарды системалуу түрдө алып турган фактылар аныкталган, жыйынтыгында, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу экзаменде эле айдоочулук күбөлүк алышкан.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз
Республикасынын УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциянын көрүнүштөрү жөнүндө аларды жоюу боюнча сунуштары менен бир нече жолу маалымдаган

Учурда ушуга окшогон схемаларды "Унаа" мамлекеттик мекемесинин башка аймактык бөлүмдөрүндө түзүлгөндүгүн аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: