Menu

Алымкадыр Бейшеналиев: “Уу коргошундун ден соолукка зыяны жок. Аны COVID-19дун экинчи толкунунда да колдонгонбуз, бирок ал тууралуу айткан эмеспиз”

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер коронавирусту дарылоонун жаңы ыкмасын колдоно баштаганын тастыктады. 

Анын айтымында, вирустун баштапкы формасына чалдыккан бейтаптарды уу коргошун менен дарылаганда алар 2-3 күндүн ичинде айыгышат.

Ал уу коргошундун ден соолукка зыяны жок экенин, аны өзү дагы ичип жатканын белгиледи.

“Анын ден соолукка зыяны жок. Көптөгөн адамдарды жоготуп албоо үчүн ушул кадамга бардык. Коронавирустун экинчи толкунунда да бейтаптарды уу коргошун менен дарылаганбыз. Бирок бул тууралуу айткан эмеспиз”, – деди ал.

Министр коронавирустан дарылануунун жаңы ыкмасын Садыр Жапаров сунуштаганын айтты.

“Садыр Жапаров өзү уу коргошун ичип, айыккан. Андан кийин мага сунуш кылды. Мен бул ыкманы тааныштарыма гана колдоно баштадым жана алардын бардыгы айыкты. Биздеги коронавирусту дарылоо боюнча протоколдо уу коргошун көрсөтүлгөн эмес. Учурда уу коргошундун үстүнөн илимпоздор иштеп жатышат. Биринчиден, аны каттоодон өткөрүү керек, андан кийин балким дарылоо протоколуна кошобуз ”, – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустун баштапкы формасын 2-3 күндө айыктыра турган жаңы ыкма табышканын айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: