Menu

АКШ элчилигинин сөз эркиндигине коркунуч келтирген жана гендердик зомбулукка байланыштуу акыркы окуялар боюнча билдирүүсү

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында кечээ болгон окуялар терең тынчсызданууну жаратууда. Биз президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысынын пикирлерди коркутуп-үркүтүү менен билдирбөө керек, жана күч колдонуу менен коштолбошу керек деген билдирүүсүнө кошулабыз. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Конституция кепилдик берген тынчтык митинг өткөрүп жаткан жарандарга каршы топтун зордук-зомбулугу жана коркутуп-үркүтүүсү – акылга сыйбаган иш. Америка Кошмо Штаттары кыргыз өкмөтүн жана укук коргоо органдарын сөз эркиндигин жана тынч чогулуштарды ушул укуктарды чектөөнү көздөгөн тараптардан коргоого чакырат. Ошондой эле кечээки зордук-зомбулук үчүн жооптуу адамдар, жана дагы өткөн жылы Аялдар күнүн көрсөткөн демонстрацияга кол салган адамдар өз иш-аракеттери үчүн жооп берген эмес. Биз өкмөттү бул адамдардын аракеттерин териштирип, жоопко тартууга чакырабыз.

Ошондой эле, биз ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жакында Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлтүрүлүшү боюнча терең кайгыбызды билдирип, анын жакындарына жана гендердик зомбулуктун курмандыктары болгон башка үй-бүлөлөргө жана алардын жакындарына көңүл айтабыз. Кыргызстан муфтийинин орун басары так айткандай, ала качуу аялдардын эркиндигине, жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирет.

Гендердик зомбулуктун зулуму астында жашагандардын бардыгына эле эмес, бүтүндөй коомго коркунуч туудурат. Жалган каада-салттар менен туура эмес негизделген гендердик зомбулуктун айынан Айзада келечектен акыйкатсыз ажыратылды. Биз бул жерде жана дүйнө жүзүндө, гендердик зомбулуктан эркин келечекти курууну көздөгөндөр менен тилектешбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: