Menu

УКМК: Депутат Атазовдун “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тарапташтарыбыз дегендер Ош шаарындагы спорт комплексин басып алуу аракетин көрүп жатышат” деген билдирүүсү жалган

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-апрелде КР ЖК кезектеги жыйынында «Ата-Мекен» партиясынын депутаты Ш.Атазов, белгисиз адамдар өздөрүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жана УКМК төрагасы К.Ташиевдин тарапташтары катары көрсөтүшүп Ош шаарындагы спорт комплексин басып алуу аракетин көрүп жатышат делген ЖКнын трибунасында нааразычылыгын билдирген. 

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, алынган маалыматтарды текшерүү учурунда, Ош шаарынын Түлейкан айылында жайгашкан 2 гектардан ашык аянттагы үч кабаттуу курулуп бүтпөгөн имарат менен спорттук объект (күрөш залы жана кичи футбол аянтчасы) бар экендиги аныкталды. Тактап айтканда, Союз мезгилинде спорт сарайынын ордуна дерматовенерологиялык оорукана куруу пландаштырылган, бирок СССР кулагандан кийин бул аймак Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген. Ага карабастан, айрым тургундар спорт комплекстин аймагын менчиктештирүүгө активдүү аракет жасап, уруксатсыз жеке менчик үйлөрдү куруп алышкан. Буга байланыштуу 10 жылдан бери Ош шаарынын мэриясы менен жер тилкелерин өзүм билемдик менен тартып алган жергиликтүү калктын ортосунда сот процесстери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, 2021-жылдын март айында “Улуттар Биримдиги” ППнын шаардык кеңешинин мурунку депутаты – Данияр Абдулаевдин демилгеси менен 1 гектар спорт комплексинин калган  жерин, Ош шаарынын мэриясынынын балансына каттоодон өткөрүү өтүнүчү менен, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго кайрылуу жиберилген. 

Ошондой эле, Д.Абдуллаев жана жогоруда аталган спорт клубунун машыктыруучулар штабы менен баарлашуу учурунда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасынын артынан эч ким жок экендиги жана эч ким турбагандыгы аныкталды.

Ошондой эле, Д.Абдуллаев жана жогоруда аталган спорт клубунун машыктыруучулар штабы менен баарлашуу учурунда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.Ташиевдин атынан эч ким барбагандыгы аныкталды. 

“Ата-Мекен” ПП депутаты Ш.Атазовдун Кыргыз Республикасынын ЖК жыйынындагы кайрылуусу коомчулукту өзүнө көңүл бурдуруу жана резонанс жаратуу максатында айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: