Бүгүн, 16-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында, түз эфирде “Ысык-Көл тамыры” деген чөптүн кайнатмасын ичип көрсөттү.
Ал алгач уу коргошун тууралуу маалымат берип өттү.
“2020-жылдын 2-мартында Садыр Жапаров абакта жатканда Сооронбай Жээнбековго кат жазган. “Коронавирусту токтотуу үчүн кыргыз эли көп жылдан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду бере баштасак, оору токтойт” деп. Бирок, ошол кездеги президентибиз Садыр Жапаровдун жазган катын окуп да койбоптур. Анан Садыр Нургожоевич мага кайрылып, мен өзүм туугандарымды уу коргошун менен айыктырдым. Мен ал кезде дарыгер болчумун. Азыркы учурда вирус күчөп баштаганда уу коргошунду дозасы менен даярдап бериңиз деп Садыр Нуркожоевичке кайрылдым. Себеби, анын атасы Нуркожо уу коргошун менен көп жылдан бери ар кайсы ооруларды дарылап келген экен. Аны баласы Садыр Жапаровго үйрөтүп кетиптир”, – деди ал.
Министр учурда уу коргошундун жардамы менен 300 бейтап айыкканын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ