Бүгүн, 16-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан уу коргошун тууралуу маалымат берип, аны ичип да көрсөттү.
Ал уу коргошунду вируска чалдыккандар бир күндө 4 маал ичип жатканын кошумчалады.
“Клиникалык сыноолорду жүргүзүп, каттоодон өткөрүш керек. Маалымат кайдан келгенин билбейм, балким бөтөлкөнү кимдир бирөө көрүп калгандыр. Ошондуктан минтип чыгып сүйлөөгө аргасыз болдум. Бул тууралуу кыргызстандыктар жаңыдан билип жатат, дарылоонун бул ыкмасы тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна Кыргызстандан маалымат жиберилген эмес”, – деди министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Алгач уу коргошун Токмоктогу жана Республикалык жугуштуу оорулар ооруканаларында, Улуттук госпиталдагы бейтаптарга бериле баштаган. Бул ыктыярдуу түрдө болот. Кайнатманы ичип жакшы болгондор жакындарына да сурап жатышат, бирок биз берген жокпуз. Тамырды дарыгердин көзүнчө ичүү үчүн дарыгерлерди жиберебиз”, – деди ал.
Ал ошондой эле, “Ысык-Көл тамыры” деген чөп бир жерде гана өсөрүн, ал жер курчалганын айтты.
Журналисттердин кайнатманы ким, кайсы жерде даярдап жатат деген суроосуна, министр “президент экөөбүз кайнатып жатабыз. Дозаны аныктай турган бирден-бир адам – президент” деп жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ