Menu

Өкмөт тарабынан өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоонун түрлөрүн өткөрүүнү оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар оң натыйжаларды берүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы №64 «Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтому менен товраларды экспорттоодо санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы контролду жүзөгө ашыруу, ошондой эле тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоону ырастоо боюнча бардык зарыл аракеттер бажылык тариздөө жайларында гана жүргүзүлөт деп белгиленген. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Демек, чек арадагы өткуөрүү пункттарында экспорттолуучу товарлар чыгууда аталган контролдоонун түрлөрүн жүзөгө ашыруу, контролдук иш-чараларды камтуусу боюнча бири бирин кайталаган деп таанылган жана жүргүзүлбөөгө тийиш.

Бул чаралар Өкмө тарабынан өлкөдөн товарларды экспорттоону колдоо, чек араларда жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу максатында кабыл алынган, анткени товарлар чыгууда өткөрүү пункттарында кайталануучу контрол жана мурда берилген документтерди каттоо жүргүзүлгөң, бул экспорттоочулар үчүн кошумча убакыт чыгымдарына алып келген.

Бүгүнкү күндө көрүлгөн чаралар өздөрүнүн негиздүү жыйынтыктарын алып келүүдө, ошентип ушул жылдын 1-кварталында экспорттолуучу товарлардын көлөмү 648,2 миң тоннаны түздү жана өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 71,2%га жогорулады. Кайталануучу иш-чараларсыз Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБтин бажы аймагында жайгашкан ткрм пунктар аркылуу өлкөдөн экспортко жалпы суммасы 97,3 млн.сомду түзгөн 4548,1 тонна товар (ич эттер, жер жана мөмө жемиштер, кургатылган мөмө жемиштер, жаңгактар жана минералдык суулар) чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: