Menu

Бишкекте түнкү клубда шаар тургунун сабаган шектүүлөр кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте бейбаштыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Т.С аттуу шаар тургуну милицияга кайрылып, 3-апрелге караган түнү шаардагы түнкү клубдун дааратканасында эки адам аны сабап салгандыгын айткан.

Аталган факты КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси “Бейбаштык” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 30 жаштагы У.М. жана 31 жаштагы А.Ж. аттуу жарандар кармалган. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

13 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: