Menu

УКМК: 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иштери башталды, 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча, Убактылуу Өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө, ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынны аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымдамакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Максат
3 years артка

2010 жылы Ош Жалал-Абаддагы окуялардын куноокору ФСБ Россия ачык эле коркуткан убагында парламенттик башкарууга отбогуло деп

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: