Menu

Түркмөн бийлиги алабай тукумундагы иттердин ээлерине чен азык (паёк) берет

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Мары шаарында алабай итинин кожоюндарына чен азык (паёк) берилет. Бул тууралуу “Эркин Европанын” түркмөн кызматы билдирди.

Иттин ээлери айына 7 килограмм ун ала алышат. Бул үчүн алар мамлекеттик дүкөндөргө ветеринардык китепчесин көрсөтүшү керек.

Мары шаарынын жергиликтүү бийлиги жана соода тармагынын кызматкерлери чен азык тууралуу расмий комментарий беришкен жок.

Алабай итинин ээлери мамлекет мындай жол менен иттерди каттоого алууга аракет жасап жатышы ыктымал деп эсептешүүдө. Айыл жерлеринде таза кандуу алабайлар жайлоодо мал жандыктарын коргоо үчүн колдонулуп келет.

Иттердин кожоюндары бийлик алабайларга тамак берүү менен аларды ит багуучу жайларга алып кетиши ыктымал деп кооптонушууда. Соңку эки жылда алабайлар багылчу жайлар Түркмөнстандын ар бир облусунда ачылган.

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүн алабай тукумундагы иттерди мыкты билген киши катары сыпаттап келет. Анын уулу Сердар Бердымухамедов “Түркмөн алабайлары” ассоциациясын жетектейт.

Өлкөдө түркмөн алабайына арналып майрам, сынак жана медаль негизделген.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов алабайлар жөнүндө китеп жазып, анын урматына ыр чыгарып келет. Түркмөн мамлекеттик маалымат каражаттары да “Түркмөн алабайы” өлкө жашоосунда маанилүү ролго ээ экенин дайыма баса белгилешет. Ашхабадда алабайга арналып алтын монумент орнотулган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: