Menu

Тажикстандын тургуну «Талибан» кыймылы менен байланыш түзгөнү үчүн соттолду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Дарваз районунун жашоочусу талибдер менен ымала түзүү айыбы менен 15 жылга каттал режимдеги түрмөгө кесилди.

Сухробжон Вазиров Кылмыш кодексинин «Террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасоого үгүттөө» жана «Террордук мүнөздөгү кылмыш жасоого ачык түрдө чакыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүм 19-мартта чыккан, бул тууралуу ЖМКларга эми белгилүү болду.

Өкүмдө 44 жаштагы Сухробджон Вазиров соңку эки жылдан бери Ооганстандын Нусай районундагы “Талибан” кыймылынын топторунун биринин лидери менен телефон аркылуу сүйлөшүп турганы айтылат.

Тергөө документтерине караганда, ал Тажикстандан көрүнүп турган ооган өкмөттүк күчтөрүнүн позициясы жөнүндө маалымат берип турган. Мунун негизинде жоочулар бир нече жолу өкмөттүк күчтөргө каршы чабуул жасап, ооган жоокерлерин өлтүрүшкөн.

Тажикстандын Дарваз жана Ооганстандын Нусай районун чек арасынын узундугу 200 чакырымды түзөт. Аймакта “Талибан” жана башка экстремисттик уюмдардын таасири чоң.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: