Menu

АКШ элчилигинин Райымбек Матраимовдун бошотулушу боюнча билдирүүсү

Бөлүшүү:

Америка Кошмо Штаттары уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Райымбек Матраимовдун бошотулушу көңүл калтыраарлык иш экенин билдирет. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги Матраимовду Кыргыз Республикасынан кеминде 700 миллион доллар адалдоо, коррупциялык бажы схемасына катышкандыгы үчүн Магнитский тизмесине киргизилип, жана визалык санкцияларга кабылгандыгын белгилей кетмекчибиз. Кыргыз Республикасы бул каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана пенсия төлөө сыяктуу маанилүү багыттарга жумшай алмак. Америка Кошмо Штаттары Матраимовдун кылмыштуу мүлкүн чет өлкөдө тоңдуруп, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин улантууда.

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча АКШ менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери ортосундагы кызматташтык улантылууда. Матраимовго байланыштуу айтыла турган болсо, биз Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте Матраимовго таандык Казыналыктын Тышкы активдерди контролдоо бөлүмүнүн талаптарына ылайык тоңдурулуп калышы мүмкүн болгон мүлктү жана каржылык кызыкчылыктарын аныктоо боюнча иштеп жатабыз.

2019-жылы АКШ тарабынан Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллар өлчөмүндөгү коррупциялашкан акчасын кайтарып берүү АКШнын коррупцияга каршы күрөшүү жана уурдалган мүлктү кыргыз элине кайтарып берүү боюнча милдеттенмесинин далили болуп келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: