Menu

Ошто 3 миллион сомдук контрабандалык товар кармалды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 3 миллион сомдук контрабандалык товарларды кармашты. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областыннын Ноокат районуна караштуу “Төөлөс” айылында “Мерседес Бенц 814D” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогорудагы транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ар кандай аялдардын жана эркектердин кийимдери, ээрлер, ноктолор (ат жабдыктары) жана башка буюмдар табылган.

Бул, Өзбекстан Республикасынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан товардын жалпы наркы 3 000000 сомдон түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндрүштөр жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: