Menu

Видео – Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2910 таңгак тамеки жана 760 бөтөлкө алкоголь тартып алды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки жана алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Ош облусунун Өзгөн районунан акциздик маркасы жок 2 миң 910 таңгак тамеки тартып алынды. Чүй облусунун Сокулук районунан лицензиясы жок алкоголдук продукция саткан дүкөн табылып, 760 бөтөлкө тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен, тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

77 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: