Menu

ИИМде Айзада Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселелер талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда А. Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселелер талкууланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ: А. Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселелерди талкуулоо үчүн ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттүИш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын начальнигинин орун басары Жолболду Кочконов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Эмиль Орозакунов, Бишкек шаарынын Санариптештирилген командалык борборунун начальниги Атыра Бекмурзаева, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты.

ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев сөз сүйлөп, Айзада Канатбекованы ала качуу жана өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам жыйын өткөрүп жаткандыгы үчүн Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

“Бул факты коомдук кызуу талкуу жаратып, коомчулук кызды тирүү таба албай калган милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан бузуулар кетирилгени анык. Биз ошондуктан аларга карата өтө катуу чараларды көрдүк”,-деди Нурбек Абдиев.ИИМ: А. Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселелерди талкуулоо үчүн ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Күн тартибинде коюлган маселе боюнча баяндамалар окулгандан кийин, Коомдук кеңештин мүчөлөрү эгерде милиция кызматкерлери колундагы болгон бардык чараларды көрүшкөндө, бул каргашалуу окуяны алдын алмак беле деген бирдиктүү пикирге келишти.

“Айзада Канатбекованын өлүмү баарыбызды бушайманга салды. Алар милиция кызматкерлеринин аракетсиздигинен болду деп айыпташууда. Өз кезегинде, кызды уурдап кеткен жигит мурда бир нече жолу соттолгон жана тилекке каршы 2019-жылдан бери иштеп жаткан жаңы кодексте “рецидив” деген түшүнүк жок экендигин баса белгилеп кетким келет. Мындай такыр болбошу керек. Бардык өлкөлөрдө “рецидив” деген түшүнүк бар. Биз мыйзамды гуманизациялоонун алкагында бул түшүнүктү алып салганбыз. Андан сырткары кодексте ыкчам кызматкерлердин иш-аракеттерине эркиндик бербей турган чектөөлөр бар. Бирок бул болуп өткөн окуяны актоо деп түшүнүүгө дагы болбойт”,-деди Ялкун Даутов.

Өз кезегинде ИИМдин Ички иликтөө кызматынын начальнигинин орун басары Жолболду Кочконов тыкыр кызматтык иликтөө жүргөндүгүн билдирди. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү иштерди жүргүзбөгөндүгү үчүн 44 кызматкер жазаланып, бир нече жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулушту. Башка кызматкерлер тартиптик жаза алышты.

ИИМ: А. Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселелерди талкуулоо үчүн ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү“Андан сырткары ИИОнун тутумундагы иш өтө татаал. Кызматкерлер күн-түн иштешип, иштин оорлугуна карабай иштеп, майрам күндөрү дагы күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөп эс алышпайт. Биз бардыгыбыз милиция кызматкерлеринин оор кызматын түшүнүшүбүз керек”,-деп Коомдук кеңештин мүчөлөрү баса белгилеп өтүштү.

Жыйындын аягында ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү өз сунуштарын беришти: Уурдоо же барымтага алуу учурунда жардам берүү чараларын көрүүгө тартылган атайын түзүмдү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча социалдык топторду түзүү боюнча мурдагы окуяларды эске алуу менен уурдоону эскертүүгө жана анын курмандыктары болгондорго жардам берүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу; милиция кызматкерлери жана башка тараптан жабыр атркандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: