Menu

“Ысык-Көл тамыры” деген чөптүн кайнатмасы кайсыл жерде даярдалып жатканы айтылды

Бөлүшүү:

“Ысык-Көл тамыры” деген чөптүн кайнатмасы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында даярдалат. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге президенттин аппаратынан кабарлашты.

Белгиленгендей, бул үчүн өзүнчө бөлмө даярдалган, анда бардык иш медициналык кызматкерлердин катышуусунда стерилденген шартта жасалат.

Ошондой эле, уу коргошун түз эле ооруканаларга жеткирилерин жана дарыканаларда сатылбай тургандыгы баса белгиленди.

Белгилей кетсек, 15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктыра турган ыкма тапканын жарыялаган. Анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган.

Кечээ, 16-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан уу коргошун тууралуу маалымат берип, аны ичип да көрсөттү.

Алгач уу коргошун Токмоктогу жана Республикалык жугуштуу оорулар ооруканаларында, Улуттук госпиталдагы бейтаптарга бериле баштаган. 300 бейтап оорудан айыккан.

“Уу коргошунду ысык кылып ичиш керек, муздак ичсе, спазм пайда болуп, адам каза болуп калат. Ысык ичип, анан оронуп жатыш керек. Анан жеңилдик болот. Эгер уу коргошунду ичкенден кийин балмуздак жесе (муздак ичсе), ал адам каза болуп калышы мүмкүн”, – дейт министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: