Menu

ЖКнын экс-депутаты Жаныбек Жоробаев УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” фракциясынын мурдагы депутаты Жаныбек Жоробаев УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ЖМКлар укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты.

Жаныбек Жоробаев 2020-жылдын май айынан сентябрь айына чейин ЖКнын депутаты болгон. Буга чейин “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алардын ордуна Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаев депутат болуп келген.

Жоробаев мурда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары болуп иштеген. Салык кызматынын Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгын жетектеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: