Menu

Мавлян Аскарбеков: “2007-жылы Данияр Усенов Тоголок Молдо атындагы сквердеги даараткананы бирөөгө ит бекер сатып жиберген”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Биринчи май райондук администрациянын кызматкерлери ж.б. ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер Тоголок Молдо атындагы скверди тазалап, ирээтке келтирип жатышат.

Ошондой эле, Мавлян Аскарбеков свердеги атайын шаардыктар жана коноктор үчүн курулган даараткананы Данияр Усенов бир адамга сатып жибергенин айтты.

“2007-жылы сквердеги даараткананы мыйзамдарды одоно бузуу менен Данияр Усенов бир адамга жеке менчикке берген. Мына ошондон бери бул даараткананы эч ким колдонбойт. Муну Данияр Усенов ит бекер бирөөгө сатып жиберген”, – деп билдирди Мавлян Аскарбеков.

Ал ошондой эле, мурда эс алуучу жайларларды куруп жатканда, алардын бардыгында дааратканалар да салынганын белгилеп, учурда алар жеке менчикке чыгарылып, сатылып кеткенин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: