Menu

Чек арадагы абал боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн 17-апрелде Баткен районунун Тажикстан менен чектеш  Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан,башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда, Тажик Республикасынын чек арачылары келип, оңдоп түзөө жумуштарын токтотууну талап кылышкан. Натыйжада пикир келишпестиктер орун алган. Бул тууралу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон аймакка Баткен жана Тажикстандын Исфара районунун акими баш болгон тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Окуя болгон жерге КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук  күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да барышты. Орун алган окуя боюнча ыйгарым укуктуу өкүл ТРнын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында өтүүчү форумга болгон иш сапардын алкагында жолугуп, сүйлөшүүнү макулдашышты. Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара районунун акимдеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланат. Белгилей кетсек оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Тажик тараптын оңдоп-түзөө жумуштарын биргеликте жасайбыз деген талабына, кыргыз тарап макул болгон жок. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: