Menu

Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы каза болду

Бөлүшүү:

Мамлекеттик «Алтын Асыр» телеканалында Мяликгулы Бердымухамедовдун каза болгону тууралуу кабар айтылууда. 18-апрель 2021-жыл.

18-апрелде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун 88 жаштагы атасы Мяликгулы Бердымухамедов каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик басылмалары кабарлашты.

ЖМКлардагы маалыматтарга ылайык, 1932-жылы төрөлгөн Мяликгулы Бердымухамедов ар кайсы жылдары китепканачы, түркмөн тили жана адабияты мугалими болуп, Ички иштер министрлигинде түрдүү кызматтарда иштеген. Аскердик окуу жайды аяктап, пенсияга подполковник наамы менен чыккан.

Буга чейинки расмий билдирүүлөрдө Мяликгулы Бердымухамедов баатыр жана жаштарга үлгү болчу адам катары сыпатталып, айылдаштарына жардам берип, ыр жаза турганы айтылып келген.

Анын ысымы Ашхабаддагы №1001 аскердик бөлүгү менен ИИМ кызматкерлери үчүн курулган турак-жай комплексине ыйгарылган.

Түркмөнстандын маалымат каражаттары ондогон жылдар бою президенттин атасы Мяликгулы Бердымухамедовду, апасы Огулабатты жана чоң атасы Бердымухамед Анаевди көкөлөтүп мактап келишет. Өлкөдө Мяликгулы Бердымухамедов атындагы медаль негизделип, Бердымухамед Анаев атындагы калктуу конуштар жана аскердик окуу жайы бар.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: