Menu

Чүйдө мыйзамсыз баңгизатын алып жүрүүгө шектелип 2 жаран кармалды

Бөлүшүү:

Чүй ОИИББнин кайгуул күзөт кызматкерлери баңги затын алып жүрүүгө шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында,  17-апрель күнү болжол менен саат 20:00 чамаларында Ысык-Ата районунун аймагында өткөрүлүп жаткан рейд иш-чарасынын алкагында Чүй облусунун ИИББнын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналы тараптан азиат улутундагы балдардын жүргөнү шек жаратып, алардын тиешелүү документтерин текшерүү учурунда, бейтааныш балдар каршылык көрсөтүшүп качып кетүүгө аракет жасашкан. Кайгуул күзөт кызматкерлери тарабынан ал балдар кармалышып, текшерүү учурунда, жанынан целлофан баштыкчага салынган кочкул жашыл түстөгү өзгөчө спецификалык жыты бар зат табылып, жалпы салмагы 800 граммды түзгөн.

Кызматкерлер тарабынан кармалган 1991-жылы туулган Н.А. жанна 1994-жылы туулган Ж.А. атуу балдар Ысык-Ата РИИБдүн тергөө кызматына  өткөрүлүп берилген.

Бул окуя кылмышталдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүруш иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: