Menu

Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетилди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, чечим кечээ, 18-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.

Бишкек АШКнын маалыматы боюнча, аларга добуш сатып алуу боюнча УКМКдан жана Ички иштер министрлигинен эки материал келип түшкөн. 

КЭДПнын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоодон партияны эмес, добуш сатып алуу ишинде аты аталган 2 талапкерди: Ислам Мурсабеков менен Нурадин Касымовду четтетүүнү суранган.

Натыйжада, Бишкек АШК КЭДП саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана КЭДП берилген добуштарды жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды.

Мыйзамдарга ылайык, партия аталган чечимге макул болбосо, анда 3 күндүн ичинде БШКга кайрылууга укуктуу.

Белгилей кетсек,  шайлоо күнү, 11-апрелде, Бишкекте шаардык кеңешке ат салышкан партиялардын биринин агитаторлору №1208 жана №1211 УШКлардын жанында шайлоочуларга акча тараткан деп шектелген. Күбөлөрдүн жана байкоочулардын айтымында, алардын унаасынын багажында добуш сатып алууга арналган акча табылган. Ал эми КЭДП партиясы эч качан добуш сатып алышпагандыгын, унаадан эч кандай акча табылбагандыгын айтышкан.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары менен КЭДП саясий партиясы 8 мандатка ээ болгону айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: