Menu

Пара алууга шектелип кармалган Бактыбек Калмуратов үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын экс-орун басары Эмил Жамгырчиев менен өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин экс-орун басары Бакытбек Калмуратовдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Айыпталуучу Калмуратовдун адвокаты кардары учурда Чүй облустук ооруканасында жатканын жана дарыланууга муктаж экендигин айтып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды.

Андан кийин судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти. Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан судья Мирлан Термечиков айыпталуучу Бакытбек Калмуратов 30-майга чейин үй камагына чыгарылганы тууралуу чечимди окуду. Калмуратов сот залынан камактан бошотулду.

Белгилей кетсек, Эмил Жамгырчиев менен Бакытбек Калмуратов 2020-жылы 19-октябрда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу маселелерди оң чечүү үчүн жеке ишкерден пара алышкан.

Чогултулган материалдардын негизинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

2021-жылы февраль айында Эмил Жамгырчиев мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдук зыяндын ордун толтуруп, үй камагына чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: