Menu

УКМК: Илбирстин 3 терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткандардын ишине бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардынт жүрүшүндө илбирстин 3терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, «К.А.С.» аттуу адам Тажикстан Республикасынын жарандарынан алган илбирстин үч терисин Ош шаарында 4500 АКШ долларына сатууну пландаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында терилерди сатуу учурунда «К.А.С.» аттуу адам кармалды.

Белгилей кетсек, илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кызыл китепке кирген жаныбар, Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси (Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана башка шериктерин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

66 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: