Menu

Навальныйдын тарапташтары 21-апрелде митингдер өтөрүн билдиришти

Бөлүшүү:

21-апрелде Орусиянын бир катар шаарларында абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон ири митингдер өтөт. Бул тууралуу маалымат Навальныйдын расмий сайтына 18-апрелде жарыяланды.

Билдирүүдө саясатчынын саламаттыгы тездик менен начарлап жатканы, мындан ары кол куушуруп отурууга болбой калганы белгиленген.

«Азыр Навальный колонияда, анын өмүрү кыл учунда турат. Анын саламаттыгына байланыштуу олуттуу маселелер бар. Ага дарыгерди киргизбей жатышат. Ал бир канча аптадан бери медициналык жардам көрсөтүлүшүн талап кылып, ачкачылык кармап жатат. Канчага чейин чыдай аларын билбейбиз», – деп жазылган анда.

Буга чейин Навальныйдын жеке дарыгери Анастасия Васильева баштаган үч доктур Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматына кайрылып, оппозициячыл саясатчыны дарылоого мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүшкөн. Алар Навальныйдын абалы соңку бир нече күндүн ичинде кескин начарлап кеткенин, анын жүрөгү кармап калышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Жубайы Юлия 13-апрелде билдиргендей, Алексей Навальный Москвадан 100 чакырым алыстыктагы Покров шаарындагы №2 колонияга жөнөтүлгөндөн бери 17 килограммга арыктаган. Буга чейин түрмө жетекчилиги Навальныйдын абалын «канааттандырарлык» деп мүнөздөгөн.

Орус президенти Владимир Путинди сындап келе жаткан 44 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал нерв системасын шал кылуучу «Новичок» уулуу заты менен ууландырылганы кабарланган. Орус бийлиги мындай маалыматты четке каккан.

Навальный Берлиндеги клиникадан дарыланып чыгып, 17-январда Москвага кайтканда камакка алынган жана 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген негиз менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: