Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп Замирбек Төлөбаевич Малабеков дайындалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын сайтында жарыяланды.
Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Замирбек Карашев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна бул кызматка 2014-2016-жылдары Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. болуп иштеген Замирбек Малабеков дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ