Menu

Курсан Асановдун иши. Сотто күбө катары сурак берген Алмазбек Орозалиев эмнелерди айтты?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Отурумундун жүрүшүндө Ички иштер министринин экс-орун басары Алмазбек Орозалиев суралды.

Анын айтымында, 2019-жылы 7-августта саат 20:00дөн кийин ошол кездеги ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев ага телефон чалып, Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында баш аламандык болуп жаткандыгын жана окуя болгон жерге барууга буйрук берген.

“Окуя болгон жерде иштеген милиция кызматкерлеринин экипировкасы жок болчу. Алар кийинчерээк гана атайын форма алышты”, – деди Орозалиев.

Ал сүйлөшүүлөргө Равшан Жээнбеков, депутат Асел Кодуранова жана башкалар келишкенин, сүйлөшүүлөрдү Курсан Асанов жүргүзгөнүн кошумчалады.

Ошондой эле, ал 8-августта Атамбаевдин үйүндөгү атайын операция саат 15:00дө башталганын, ал жакта миңдей адам болгонун, жолдор тосулуп, таштар ыргытылганын билдирди.

“Алгач Атамбаевдин кайда экенин билген эмеспиз. Кийинчерээк үйдүн үчүнчү кабатындагы терезе парда кыймылдаганын көргөндө, Атамбаев ошол жакта экенин билдик. Министр Жунушалиев үчүнчү кабатка сүйлөшүү үчүн барган. Сүйлөшүү эмне жөнүндө болгонун билбейм. Ички иштер министрлигинин башчысы чыкканда Атамбаевге чечим кабыл алуу үчүн 10 мүнөт убакыт бергенин айтты. Кечке жуук Кой-Таш айылына шаардан адамдар келе жатканы белгилүү болду. Андан кийин Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады, эмне себептен экенин билбейм», – деп кошумчалады Орозалиев.

Алмаз Орозалиев Курсан Асановго сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү буйругун эч ким бербегендигин белгиледи.

“Жунушалиев Атамбаев кишилерине эч ким тийбесе, анда багынып берүүгө даяр экенин айткан. Курсан Асанов Санжар Эркинбаев менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн үйдүн ичине кирди. Мен Курсан Асанов менен Атамбаев эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн билбейм. Андан кийин үйдөн Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, мурдагы президенттин жансакчысы Канат Сагымбаев жана Санжар Эркинбаев чыгышты.  Курсан Асанов чыкканда мен андан баштык тууралуу сурадым, бирок ал эч нерсе деп жооп берген жок. Ал баштыктын ичинде эмне болгонун да билбейм. Баардыгы унаага отуруп кетишти. Мен өздүк курамды алып кетүү үчүн калгам”, – деп сөзүн жыйынтыктады Орозалиев.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 13-августта премьер-министр М.Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага «7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп ИИМ ички иликтөө кызматынын чыгарган чечими себеп болгон. К.Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: