Ошто мектеп имаратынын бөлүгүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан Керме-Тоо орто мектебинин биринчи кабатындагы Ош шаардык мэриясына караган көп тармактуу үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун социалдык бөлмөсүнөн өрт чыккан.
Өрттүн чыккан мезгили саат 11: 40 чамасында болуп, өрт болгон жерге № 12 Ош шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүмчө тартылган. Өрт Саат 11: 55те чектелип, 12:01 де толугу менен жоюлган.
Өрттүн келип чыгуу себеби: электр чубалгыларын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ