Menu

Апрелдин аягына чейин Өзбекстанга «Спутник V» вакцинасынын 300 миң дозасы жеткирилет

Бөлүшүү:

Апрелдин аягына чейин Өзбекстанга Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 300 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын Ташкентте өткөн жыйынында билдирди.

Ариповдун айтымында, апрель айынын аягына чейин Кытайдан дагы бир миллион доза вакцина келет деп күтүлүүдө.

Премьер-министр өлкө жарандары үч вакцинанын ичинен каалаганын тандап алса болорун кошумчалады.

Буга чейин Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр 400 миң кишиден ашканы кабарланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: