Menu

“Манас” аэропортун капиталы 10 миң рублди түзгөн татарстандык компанияга 25 жылга башкарууга берүүнү көздөп жатышат

Бөлүшүү:

“Манас” эл аралык аэропортун 100 миллион доллар инвестиция убада кылган Татарстандын “Ядран” компаниясына 25 жылга башкарууга берүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу “Акчабар” сайты өз булактарына таянып жазып чыкты.

2021-жылы февраль айында “Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Шаршеев Татарстандан келген “Ядран” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Сүйлөшүүлөрдүн айрым деталдары белгилүү болгондой, Татарстан компаниясы 25 жылдык мөөнөткө стратегиялык объектти башкарууну колго алууну сунуш кылган. Буга жооп кылып, ал авиабазаны өнүктүрүүгө 100 миллион доллар инвестиция салууга убада берген. Шаршеев келишимге макул болуп, учурда “МАМ” ААКнын жетекчилиги бүтүмдү ишке ашыруу үчүн бардык документтерди даярдап жатат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө “Манас” аэропортунун башкы акционери – Маммүлктү башкаруу фонду акциялардын 79,05%ына ээлик кылган мамлекет. Ушуга байланыштуу Бакыт Шаршеев стратегиялык объектини жалгыз өткөрүп берүү чечимин кандайча кабыл алгандыгы белгисиз. “Акчабар” маммүлк фонду менен байланышканда, алар мүмкүн болгон келишим жөнүндө маалыматты тастыкташкан жок, бирок четке каккан да жок.

Ар кайсы жылдар аралыгында көптөгөн чет элдик компаниялар аэропортту көзөмөлгө алууга, үлүшкө кирүүгө ж.б. көздөшкөн. Ошондой эле алардын арасында, авиация тармагын өнүктүрүүдө бир топ тажрыйбасы бар жана олуттуу ресурстарга ээ компаниялар болгон.

Эми, Татарстандын “Ядран” компаниясына келсек, Yadrangroup.com компаниясынын расмий сайты эмнегедир ачылбай жатат. Компания “Ядран-групптун” курамына кирери ачык булактардан белгилүү болду.

Юридикалык дареги: Татарстан Республикасы, Казань, Привольная 2-я көчөсү, 33А, ОФИС. 2. Негизги ишмердүүлүгү – каржы-өнөр жай топторун башкаруу. Компаниянын башкы директору Айнур Камалиев болуп саналат, ал РОО “ФРБИ РТ”, ЖЧК “АГРОЖИЛИНВЕСТ”, ЖЧК “СУБАЙ”, ЖЧК “ТҮБЕТЕЙ”, ЖЧК “ТЮБЕТЕЙ УК” ишканаларына тиешеси бар. “Ядран-групп” компаниясы дагы 13 юридикалык жак менен байланышы бар.

Кызыгы, Synapsenet.ru сайтынын маалыматы боюнча, 2016-2018-жылдар аралыгында аталган компания таза кирешеге жетпей, чыгым менен иштеп келген. Ошондой эле, 10 миң рублди түзгөн уставдык капиталдын көлөмү да уялтат.

Буга чейин сырттан келген инвесторлорго компанияны өткөрүп берүү аракеттеринин бардыгы элдин каршылыгы менен аяктаган. Анткени азыркы учурда “МАМ” ААК мамлекеттик акциясы бар кирешелүү компаниян болуп саналат. Компаниянын 2019-жылдагы гана таза кирешеси 2 108 254 000 сомду түздү. Мамлекет өз кезегинде дивиденд түрүндө 1 миллиард сомдон ашык акча алган.

Татарстан компаниясына “Манас” аэропортун өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышынын себебин айтуу кыйын. Балким, ал COVID-19 пандемиясына байланыштуу болуп, анын айынан 2020-жылы аэропорттун иши жылбай калган. Жылдык жыйында компаниянын 2020-жылга таза кирешеси 107 миллион 503 миң сом суммасында бекитилип, 94,9% төмөндөгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: