Menu

«Чек арасыз кабарчылар»: былтыр 132 өлкөдө журналисттер кыйынчылыктарга дуушар болгон

Бөлүшүү:

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун соңку баяндамасына ылайык, былтыр 132 өлкөнүн журналисттери өз ишмердүүлүгүндө кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Жыл сайын 180 өлкөдөгү сөз эркиндигине баа берип келген уюмдун быйылкы баяндамасында 73 өлкөдө көз карандысыз медианын ишмеригине бөгөт коюлуп, 59 өлкөдө журналисттер чектөөлөргө кабылганы жазылган.

Баяндамага ылайык, былтыр бир топ мамлекетте «COVID-19дун жайылышына байланыштуу» деген шылтоо менен журналисттердин иштөөсүнө чек коюлган.

Европада журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө деп Беларус аталды. Ал «Чек арасыз кабарчылардын» рейтингинде бир жылда беш сапка төмөндөп, 158-орунга жазылган.

Баяндамада жыйынтыгы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенконун режими зомбулук менен куугунтуктун жардамы аркылуу өлкөдөгү кырдаалды көз карандысыз чагылдырууга катаал тоскоолдук жасаганы белгиленген. Уюм 2020-жылы Беларуста 400дөн ашуун журналист кармалып, бир тобу камалганын жазган. Алардын көпчүлүгү камакта зомбулукка жана кемсинтүүгө дуушар болгон.

Украинада журналисттерге кол салуунун 170 учуру катталган. Рейтинг боюнча бул өлкө бир сапка ылдый түшүп, 97-орунда турат.

Орусия интернеттин эң башкы душманы катары таанылды. Ал дүйнөлүк рейтингде былтыркыдан бир позицияга ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 150-орунга түштү. Буга өлкөдө медианын эркиндигин чектеген бир топ мыйзамдардын кабыл алынышы негиз болду. Орусияда басымга чыдабай журналист өз өмүрүнө кол салган учур болгону да баяндамада мисалга алынган.

Германияда да ММКнын эркиндиги боюнча абал начарлаган. Бул өлкө сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөлүк рейтингде «жакшы» деген позициядан «канааттандырарлык» деген сапка түшкөн. Анткени Германияда 2019-жылы журналисттерге 13 кол салуу болсо, былтыр 65ке жетип, бул көрсөткүч беш эсе өскөн. Кол салуулар адатта коронавируска каршы чектөөлөрдү алып салууну талап кылган акциялар учурунда болгон.

Италия менен Францияда да журналисттерге кол салуулар болуп, алардын ишмердиги чектелген учурлар катталган.

Норвегия дүйнө жүзүндө беш жылдан бери басма сөз эркиндиги боюнча биринчи орунда келатат. Финляндия экинчи, Швеция менен Дания 3-4 саптарга жайгашкан.

Борбор Азияда аймагында Кыргызстан 79-сапта турса, Казакстан 155-орунда, Өзбекстан былтыркыдан бир сап ылдый 157-орунда баратат. Тажикстан бир сапка түшүп, 162-орунда. Түркмөнстан артынан эсептегенде былтыр Түндүк Корея менен Эритерияны кууп өтүп, 178-орунду ээлеп, эки сапка рейтингин жакшыртты.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму жыл сайын 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялайт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: