Бүгүн, 20-апрелде, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
“Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун үй-бүлөсүнө залкар жазуучунун жубайы Мария Урматовна Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын дилимден көңүл айтам”, – деп жазган Молдокматова.
Мария Урматовна 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган. Быйыл ал июль айында 79 жашка чыкмак.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ