Буга чейин Чүй районунун ИИБнө Б.К. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 22-февраль күнү арыз ээсинин сарайынан белгисиз бирөөлөр минген атын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 24 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ