Menu

ИИМ башчысынын орун басары О.Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация Өзбекстанга расмий иш сапары менен барды

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары О. Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен барышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги  өзүнүн Өзбекстандык кесиптештери менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки министрликтин кызматташтык маселелерин, анын ичинде эки тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн кесиптик тажрыйба менен алмашуу, кызматкерлердин деңгээлин өнүктүрүү жана башка маселелерин талкуулады.

Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандан барган кесиптештерине  ички иштер органдарындагы жүргүзүлүп жаткан реформалоонун жүрүшү, тутумга маалыматтык технологияларды киргизүүнүн оң натыйжалары, кылмыштуулуктун санын азайтуу жана болтурбоо жөнүндө айтып беришти.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин делегациясы Ташкент шаарынын жана Самарканд облусунун укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышууну пландоодо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: