Бүгүн, 21-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 306 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 203, Ош – 5, Чүй облусунан – 52, Ош облусунан – 11, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 16, Жалал-Абад облусунан – 10, Баткен облусунан – 4. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 92 626 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 161 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 88 390го жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 97, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 44, Ош облусунан – 2, Талас обусунан – 2, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 12.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2, Чүй облусунан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1561ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ