Menu

УКМК: Пара талап кылуу фактысы боюнча Биринчи Май районунун ИИБ тергөөчүсү кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, опузалап пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, Бишкек шаарынын ИИББнин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты «А.К.» кармалды.

Такталгандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “А.К.” жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБ кызматкери “Д.Б” өз кызыкчылыктары үчүн, “М.у.Т.” аттуу жаранга сотко чейинки иш бар деп кысым көрсөтүшкөн.

Бирк, кызматкерлер «А.К.» жана «Д.Б» сотко чейинки ишти токтотуу маселесин чече алышпагандыктан, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн, “М.у.Т.” аттуу жаранга 1500 АКШ долларын кайтарып берүүгө аргасыз болушкан. Калган 500 АКШ долларын кайтарып берүү учурунда, Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү “Д.Б” кармалган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: