“Урматтуу Курманбек Токторалиевич, 9-октябрдагы окуялар боюнча жалгыз Фарид Ниязов абакта жатат. Жашы болсо 70ке таяп калган, жакшы эмес болуп жатат. Ушуну да карап, бир гумандуу чечим кабыл аласыз деп ойлойм”, – деп билдирди бүгүн, 21-апрелде депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында отчет берип жаткан генпрокурор Курманбек Зулушевге кайрылып.
“Бул жерде Жогорку соттун, Коопсуздук комитетинин, бүт укук коргоо органдарынын жетекчилери олтурасыздар. Ошону да эске алып койсоңуздар”, – деди Жанар Акаев.
Ошондой эле депутат Жанар Акаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык кылмыштары үчүн (бир кычкачты $600 турат деп уурдашкан – ред.) соттолгондордун ишин да кайра кароону суранды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ