Menu

Ошто 2010-жылы апрель жана июнь айларындагы коогалаңда каза болгон милиционерлерди эскерүү өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-апрель күнү 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы коогалаӊ учурунда кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган ИИМдин кызматкерлеринин арасындагы спорттун самбо түрү боюнча мелдеш Ош шаарында старт алды. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан спортсмендер келишип, катышууда. Жалпысынан 15 команда ат салышууда.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, Ош ШИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов жана кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлиринин жубайлары, жакын туугандары катышышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков мындан ары элибиз дайыма тынчтыкта жашоосу зарыл экендигине токтолуп, өткөн каргашалуу окуялардын эч качан кайталанбашына тилектеш экендигин билдирди. «Бүгүнкү тынчтыктын келишине ушул кызмат учурунда курман болгон ар бир милиция кызматкеринин дагы кошкон салымы баа жеткис. Алардын ар биринин жаркын элеси эсибизден чыкпайт»,- деди министрдин биринчи орун басары. Сөз соӊунда кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлиринин жубайларына жана жакындарына каржылык колдоо катары акчалай жардам көрсөттү.
Аталган мелдеш 2 күнгө созулмакчы. Алдыӊкы байгеге ээ болгон командалар атайын кубок, акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышат. Жеӊүүчүлөр медалдар менен сыйланышып, андан сырткары бир нече номинациялар боюнча дагы катышуучуларга сыйлыктар каралган.
Маалым болгондой, аталган коогалаӊ учурунда жалпысынан 12 милиция кызматкери кызмат учурунда каза болушкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: