Menu

Жалал-Абадда кыз ала качуу, зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун ар бир район-шаарларындагы мектеп окуучулары арасында, жергиликтүү ШРИИБдин жана прокуратура органдарынын кызматкерлери менен биргеликте профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат.

Тактап айтканда, Токтогул жана Аксы райондорунун укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөргө кылмыш жоопкерчилигин жаш курагы, үй-бүлөлүк зомбулуктун, кыз ала качуунун, мектептеги рекетчиликтин алдын алуу жана келечекке карай туура багыт алуу максатында – «Биз кылмыштуулукка жана зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы лекциялар өткөрүлүп, экрандан кошумча видеоролик жана слайд түрүндө түшүндүрмөлөр көрсөтүлдү.
Бул иш-чаралар айрыкча бүтүрүүчү класстар үчүн чоң таасир калтырып, алар тарабынан суроолор болуп, реалдуу турмуштан алынган практикалык мисалдар менен коштолгон жеткиликтүү жооптор берилип, талкууга алынып, баарлашуу менен өткөрүлүп, соңунда окуучулар тарабынан укук коргоочуларга ыраазычылыктар айтылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: