Menu

КР Тышкы иштер министрлигинде Бишкек шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпус үчүн “Жаратылыш чек араны билбейт” аталыштагы брифинг болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Бишкек шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпус, ПРООН, Ак илбирсти сактоо боюнча фонд жана ЖМК өкүлдөрү  үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы – биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору” аталыштагы Резолюцияны БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргыз Республикасынын демилгеси менен кабыл алынган  маселе боюнча брифинг болуп өттү.

Брифингдин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бешинчи Саясий департаментинин кеңешчиси Э.Атабеков брифингдин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана КР чет өлкөлөрдөгү мекемелер тарабынан долбоорду илгерилетүү боюнча жүргүзүлгөн эл аралык кампаниянын жыйынтыктары боюнча ушул жылдын 16-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын пленардык жыйынында бир добуштан аталган  резолюцияны кабыл алгандыгын маалымдады.

Резолюциянын максаты – туруктуу өнүгүү жана 2030-жылдын күн тартибине негизделген жаратылыш ресурстарын радионалдуу пайдалануу менен, келечек муундарды таза, коопсуз жана туруктуу чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча  чек аралар аралык кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.

Резолюция Кыргыз Республикасынын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду, алардын ичинде, ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүү ж.б. багыттарда.

2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелер тарабынан  долбоорду илгерилетүү боюнча кеңири эл аралык кампания жүргүзүлдү, анын ичинде аккредиттелген өлкөлөрдө ар кандай форматтагы презентациялар, БУУга мүчө мамлекеттери менен долбоордун текстин макулдашуулар.

Резолюцияны кабыл алууда, жалпы мамлекеттердин колдоосу менен катар, 60 мамлекет Кыргызстандын резолюциясына авторлош болушту: Афганстан, Армения, Азербайжан, Беларусь, Бутан, Боливия, Буркина-Фасо, Камерун, Борборафрика Республикасы, Чили, Кытай, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Джибути, Доминика Республикасы, Египет, Экваториалдык Гвинея, Эфиопия, Гамбия, Гренада, Гватемала, Гвинея, Гайана, Индия, Япония, Иордания, Казакстан, Лаос, Ливан, Лесото, Малайзия, Мальдивы, Мавритания, Монголия, Марокко, Мозамбик, Науру, Непал, Никарагуа, Нигерия, Парагвай, Перу, Филиппины, Катар, Румыния, Россия Федерациясы, Руанда, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадины, Сенегал, Сингапур, Тажикстан, Того, Тунис, Түркмөнистан, Өзбекстан, Вьетнам, Замбия, Зимбабве.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: