Menu

Электр энергиясынын жаңы тарифи августка чейин коомдук талкууда болот

Бөлүшүү:

Кыргыз өкмөтү электр энергиясына сунуштап жаткан жаңы тарифтик саясат 2021-жылдын августуна чейин коомдук талкууда болуп, кийин чечим кабыл алынат.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев 22-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында жаңы тарифтин үч категориясына төлөмдөрдү түшүндүрүп берди:

“Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясынын бир кВт\саатына 0,74 тыйындан, бийик тоолуу аймакта жашагандарга – 1 сом 04 тыйын, калктын калган катмары 1 сом 48 тыйындан төлөйт. Бирок суу тартыштыгына байланыштуу кышында төлөмдүн экинчи тепкичи жүргүзүлүп, 1000 кВт ашса 2 сом 29 тыйындан төлөнөт. Буга чейин айына киргизилген 700 кВт жоюлат”, – деди министр.

Кубанычбек Турдубаев Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянуу менен Кыргызстанда 110 000 аз камсыз болгон үй-бүлө бар экенин билдирди. “Адистер кайра изилдөө жургүзүп, колу жука үй-бүлөлөрдүн так санын жакын арада аныктайт”, – деген министр Кыргызстанда энергетика тармагы өтө оор кырдаалга кептелгенин, төлөмдөрдү көтөрүү зарылдыгы жаралганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушталып жатканын 21-апрелде жарыялаган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: