Menu

«ОВД-Инфо»: Навальныйды колдоо акцияларында 1770 киши кармалды

Бөлүшүү:

21-апрелде Орусияда Алексей Навальныйды колдогон акциялар учурунда 96 шаарда 1770 киши кармалды. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” маалымдады.

Санкт-Петербургда 808, Уфада 119, Казанда 66, Барнаулда 58, Сочиде 53, Воронежде 53, Кемероводо 36, Москвада 29 киши кармалган.

“ОВД-Инфо” күч түзүм кызматкерлери Санкт-Петербургда жапырт түрдө электрошокерлерди колдонгонун белгилөөдө.

Петербургда кеминде 84 киши түнчүндө полиция бөлүмүндө калды. Алардын айрымдарына адвокаттар киргизилбей, кээ бирлеринин телефонун алып коюшканы кабарланууда.

Петербургдагы № 26 полиция бөлүмүндө аялдардын кыйкырыгы угулууда. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча бир аялдын эки жашар баласы бар, аны үч сааттан ашык кармоого болбойт.

“ОВД-Инфо” Орусиянын башка шаарларында да полиция демонстранттарга күч колдонгонун, бери дегенде эле 21 киши сабалганын жазды.

Владимир облусунун Покров шаарындагы №2 түзөтүү абагында отурган Алексей Навальный 31-марттан бери ачкачылык жарыялаган. Аны караган дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы начарлап кеткенин, тез арада кийлигишүү болбосо анын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: