Menu

“Кемпир-Абад”: жер алмашууга каршы Өзгөндө мөөнөтсүз акция башталды

Бөлүшүү:

“Кемпир-Абад” суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 22-апрелде да нааразылык билдирип чыгышты.

Алар бул күнү топтолгон жерине үч боз үй тигип, мөөнөтсүз акция башташты.

Кызылоктябрлыктар 21-апрель күнү да чогулушкан. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышууда.

Каршы болгондор “Кемпир-Абадга” байланыштуу чечим чукул чыкканын айтып, атайын кызматтын башчысынан жергиликтүү эл менен жолугушууга келишин өтүнүшүүдө. Алар ошондой эле суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу коңшу мамлекет менен болгон протокол жокко чыгарылышын талап кылып жатышат.

17-19-апрель күндөрү Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы, жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөдө чогулуп, боз үй тигишкен эле.

Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: