Menu

Тажикстанда белгилүү имам экстремизм айыбы менен кармалды

Бөлүшүү:

Душанбедеги “Имам Азам” мечитинин имамы Абдулхак Обидов кармалды. Расмий түрдө ал өлкөдө тыюу салынган экстремисттик “Салафия” уюмуна тиешеси бар деп айыпталууда.

Бирок ал белгилүү диний ишмер Домулло Хикматуллону акыркы сапарга узатуу зыйнатында аны бир нече жолу “чыныгы элдик лидер” деп атагандан кийин кармалган. Тажикстанда болсо бир гана кишини – өлкөнүн президенти Эмомали Рахмонду ушунтип атоого уруксат. Анын титулу: “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү жана Улут лидери Эмомали Рахмон” деп аталат жана муну кыскартууга болбойт.

Обидов – Душанбедеги эң ири беш мечиттин биринде имам-хатиб болгон. Ал бир нече айылдаштары менен чогуу кармалган. Аларга карата кылмыш иши козголду жана алдын ала тергөө иштери башталды. Улуттук коопсуздук кызматынын Вахдат шаардык башкармалыгы бул боюнча кенен маалымат берген жок.

Тажикстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комитети Абдулхак Обидовдун кармалышына анын жаназа учурунда айткан сөзү себеп болгонун четке кагууда.

Бул арада диний баяндамачы Сайидмухиддин Дустмухаммадиен имамдын салафиттер же башка диний агымдар менен байланышы жоктугун, ханафит болгонун айтууда.

“Тажикстанда ханафит мазхабынын түркүгүнүн бири болгон кишини акыркы сапарга узатуу зыйнатында ага сөз берилгени эле анын ханафиттер үчүн кадыр барктуу киши экенин далилдеп турат”, – деди ал.

Эгер Обидовдун тыюу салынган уюмга тиешеси бар экени аныкталса, ал беш жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: