Menu

Казакстанда латын графикасына негизделген казак алфавитинин жаңы долбоору талкууга чыкты

Бөлүшүү:

Казакстанда латын графикасына негизделген казак ариби талкууга чыгарылды.

21-апрелде нормативдик укуктук актылар долбоорунун сайтында «Казак тилинин алфавитин кирилицадан латын графикасына которуудагы айрым маселелер тууралуу» казак президентинин жарлыгынын долбоору жарыяланды. Талкуу 6-майга чейин болот.

2021-жылы январь айында казак алфавитинин жаңы варианты жарыяланган. Анда латын арибиндеги базалык 31 символ жана казак тилине таандык 28 тыбыш толугу менен камтылган. Азыркы ә(ä), ө(ö), ү(ü), ұ(ū) жана ғ(ğ), ш(ş) тамгалары диакритикалык тамгалар менен берилген.

Эл аралык колдонууда бар умляут ( ̈ ), макрон ( ˉ ), седиль ( ̧), бревис ( ̌ ) диакритикалык белгилери киргизилген.

Казак өкмөтү жаңы алфавитке өтүү жараянын 2023-жылдан 2031-жылга чейин жүргүзүүнү пландап жатат.

2017-жылдан бери бул вариант – Казакстанда каралган төртүнчү расмий сунуш болуп саналат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: