Өлкөдөгү болуп жаткан кыз ала качуу, эрте никеге турууга мажбурлоо жана анын кесепеттеринен улам, Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен, аялзатын никеге туруу максатында уурдоо, никеге турууга мажбурлоо жана зордук-зомбулуктарды болтурбоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жыйын өткөрүлүдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, сот, прокуратура, социалдык өнүктүрүү мекемеси жана аймактык башкармалыктын башчылары, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, аксакалдар кеңеши, коомдук алдын алуу борборлорунун төрагаларыны жана шаардагы көчө комиттеттерини катышты.
Шаар активдерине сот жана укук коргоо органдары тарабынан мыйзам алкагында бул кылмыштардын жоопкерчилиги, коомго жана үй-бүлөгө тийгизген таасири жөнүндө түшүнүк берилди. Катышуучулар өз учурунда бул жыйындан алган маалыматтарды эл арасында жайылтуу, салтка таянып кылмыш жолуна барбоо керектиги боюнча түшүңдүрүү иштерин жүргүзүү милдеттерин алышып, өз багыттарында тиешелүү жумуштарды алып барышмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ